Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“2023-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагы

Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарындагы №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектебинде “2023-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү. Сынакка райондун 69 мектептин ичинен тандалып алынган мугалимдери катышты.

“2023-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын райондук турунун катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчы-акимдин биринчи орун басары А.Сансызбаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жалилов жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев куттукташтып, катышуучуларга баалуу сыйлыктарды тапшырышты.

“2023-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын райондук турунда биринчи орунду алган №14 "1-Май" мектеп-гимназиясынын мугалими Каныбек кызы Жылдызга областтык турдун алдыңкы орундарды багынтуусуна ийгиликтерди каалашты. Кароо сынактын катышуучулары колдоолор үчүн кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети