Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“2021-жылдын мыкты мугалими” кароо сынагы

2021-жылдын 8-9-мартында Базар-Коргон районунун, Базар-Коргон шаарындагы Ө.Атабекова атындагы №30 инновациялык гимназия мектебинде “2021-жылдын мыкты мугалими” кароо сынагынын райондук туру болуп өттү.

Кароо сынака райондун айыл аймактарынан жана шаардын 66 мектептин ичинен тандалып алынган мугалимдери катышты. Кароо сынак жакшы өтүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды:

1-орунду С.Ташиев атындагы №21 орто мектебинин кыргыз тил мугалими  Г.Имарова.

2-орунду Ж.Асанов атындагы №9 орто мектебинин башталгыч класс мугалими Г.Бечелова.

3-орунду генерал К.Бакиев атындагы №52 орто мектебинин чет тил мугалими Ж.Саякбаева.

“2021-жылдын мыкты мугалими” кароо сынагынын райондук турунун катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев жана Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев куттукташтып, “Ардак Грамоталарды” тапшырышты.

Райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев профсоюз комитети тарабынан мугалимдердин кадыр баркын көтөрүп,  мугалимдерди колдоп, кубаттап келе жаткандыгын билдирип, кароо сынактын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Сынактын катышуучулары жана келген коноктор, “мугалим чыныгы агартуучу, караңгыга  чырак жана жан дүйнөгө азык берүүчү бирден бир күч” экендигин айтышып, колдоолор үчүн профсоюз комитетине ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

        

Материалды  даярдаган: К.Асыранкулов