Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2018-2019-окуу жылында кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү болгон билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө маселе каралды

2019-жылдын 28-июнь күнү  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү. Президиум  кенешмесине   К.Нышанов, З.Усенов, Б.Курбанова, А.Орозова, З.Юлдашева, М.Абдуллаева А.Сагынбаева, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты.

Президиум  күн  тартибинде  төмөнкү  маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

Президиум күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды.

  1. Баштапкы кесиптик уюмдарда номенклатуралык иш кагаздардын жүргүзүлүшүнүн абалы.
  2. Райондун мектептеринде эмгекти коргоо мыйзамынын талаптарын жана техникалык өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышынын абалы жөнүндө.
  3. Балдардын жана билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө.
  4. Борбордук Комитеттин “Билим, илим профсоюзунун отличниги” төш белгисине көрсөтүү жөнүндө.
  5. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында “Ден-соолук” спартакиадасына катышуучу мугалимдерге каражат бөлүп берүү.

 

Материалды даярдаган:

 Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров