Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Токтогул райондук администрациясынын кошмо жыйыны

         19-январь күнү  Токтогул  райондук администрациясынын  чоӊ залында  Токтогул  районуна караштуу  мамлекеттик мекемелердин,  жеке  ишканалардын  жана  билим берүү  тармагында  эмгектенген  жетекчилеринин  кошмо жыйыны болуп  өттү.  Бул жыйында эӊ  негизги маселе Токтогул районунда 2016-жылда жасалган иштердин, спец-фонддон бөлүнгөн  акча  каражаттарынын  туура  пайдалынылышы, келечекте  жасалуучу  иштердин  проектерин  кароо жана  бекитүү жөнүндө  Токтогул райондун  акиминин  отчетун  угуу  болду. Экинчи  маселе 2016-жылда  Токтогул  районунун  өсүп өнүгүүсүнө  зор  салымын  кошкон  жана  ишинде  алгылыктуу  ийгиликтерди  жараткан  кызматкерлерди  сыйлоо  болду. Жыйындын  башында  Токтогул  районунун  акими  М. Асанкановичке  сөз  берилип  2016-жылдын  жыйынтыгы  менен  акимдин  отчету  угулду.

      Андан  соӊ  мамлекеттик  мекемелердин  мыкты  кызматкерлери  ардак  грамота  жана  ачалай  сыйлыктар  менен  сыйланды.  Алардын  ичинен  республикалык  олимпиададан  №1 Токтогул  атындагы орто  мектебинин  3 окуучусу  1-орунду  ээлеген. Билим  берүү  тармагына  зор  салымын  кошкондугу  үчүн  жана  мыкты  окуучуларды  даярдап  чыгаргандыгы  үчүн Токтогул атындагы  орто  мектебинин  директору  Тулекеева  Асыл эжекебиз администрациянын   ардак  грамотасы  жана  акчалай сыйлыгы  менен  сыйланды.   Ошону  менен  бирге  билим  берүү  бөлүмүнө  караштуу  4  балдар  бакчаларынын   жетекчилери  ардак  грамота  жана  акчалай  сыйлыктар  менен  сыйланды.