Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“2016-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” КАРОО-СЫНАГЫ ӨТҮҮДӨ

    “2016-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагы өтүүдө. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитеттин Президиумунун  2016-жылдын 29-январындагы №1/06  токтомуна ылайык 2016-жылдын мугалими кароо-сынагыгын аймактык турлары өткөрүлүүдө. Аймактык турлардын жеңүүчүлөрү жылдын II кварталында өткөрүлүүчү райондук кароо-сынакка катышат.

    Жобого ылайык аймактык турлардын жеңүүчүлөрүн сыйлоого айыл өкмөттөрү, райондук турдун жеңүүчүлөрүн сыйлоого райондук билим берүү бөлүмү жана райондук кесиптик бирлик уюму каражат бөлүшөт. Райондук турда жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн райондук билим берүү бөлүмү 41 275 сом, райондук кесиптик бирлик уюму  33 000 сом, раймамадминистрация 6 000 сом каражат ажыратышкан. Райондук турдун жеңүүчүлөрү үчүн райондук кесиптик бирлик уюмунун жана айыл өкмөттөрүнүн каржылоосунда Ысык-Көлгө бир жумалык дем алуу экскурсиясы уюштурулат.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Баткен райондук комитетинин жетектөөчү адиси                                                            Б.Абдыразакова