Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2016-жылдын 11-мартында Билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин IV Пленуму

Пленумдун күн   тартибинде  билим берүү кызматкерлер профсоюзунун шаардык комитетинин курамынан баштапкы уюмдардын сунуштарынын негизинде  Пленум мүчөлүгүнүн курамынан чыгаруу жана Пленум мүчөлүгүнүн курамына киргизүү, профсоюздун шаардык комитетинин Президиум мүчөлөрүнүн курамын бекитүү, билим берүү тармагында эмгектенгендердин социалдык-экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо, инновациялык усулдарды колдонуу жана  билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин  

VI  Съездинин  (20.05.2015-ж) жана VI Пленумунун , облустук комитетинин

V Пленумунун   токтомдорун турмушка ашырууда шаардык комитеттин, баштапкы уюмдардын милдеттери, 2015-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын  чыгаруу жөнүндө маселелер каралды.   Пленумда  шааркомдун  төрайымы  З.Тургунбаева  2015-жылда шаардык комитеттин билим берүү кызматкерлеринин социалдык жана укуктук кызыкчылыктарын  коргоо боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүктөрү жөнүндө  баяндама жасады.   Пленумдун талкуусуна коюлуп жаткан маселеге адегенде токтолуп, билим берүү  тармагындагы баштапкы  уюмдар менен  биргеликте шаардык комитет кызматкерлердин  социалдык-экономикалык,укуктук кызыкчылыктарын  коргоо боюнча бир катар алгылыктуу иштер, аракеттер жасалып жаткандыгы белгиленди.  Жарыш сөз сүйлөө үчүн 12 адам  жазылган. Алардын  6 сөзгө чыгып, мектептерде болуп жаткан ийгиликтер, жетишкендиктер, алдыга коюлган максаттары  жана сунуштары  жөнүндө кеӊири айтышты. Жыйынтыгында  шаардык комитеттин бир жыл ичинде жасаган иштери жөнүндө  өздөрүнүн жакшы ой-пикирлерин, ыраазычылыктарын  билдиришти. 

 Талкуулардан соъ   Жалал-Абад шаардык комитетинин милдеттери жөнүндө билим берүү кызматкер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин  IV Пленумунун   Токтому алымча, кошумчалары менен бир добуштан кабыл  алынып, Пленум өз ишин жыйынтыктады.  

 

 

Билим берүү кызматкерлер

профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети