Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“2015-жылдын мыкты баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы” кароо-сынагынын Баткен шаардык туру өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2015-жылдагы иш планына ылайык областагы баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары арасында  “2015-жылдын мыкты баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы” кароо-сынагы жарыяланып, райондук, шаардык турлары өткөрүлүп женүүчүлөр областтык турга жолдомо алышты.

2015-жылдын 16-октябрында Баткен шаардык профсоюз комитети тарабынан кароо-сынактын шаардык туру өткөрүлүп. Кароо-сынактын жүрүшүндө  катышуучулардын  жандуу аткаруусунда  профсоюз тармагындагы конфликтерди чечүү, профсоюз жөнүндө ырлар жана уй тапшырмаларын мыкты чеберчилик менен аткарышып кароо-сынактын шаардык турунда “2015-жылдын мыкты баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы” деп Баткен шаарындагы С.Айтматов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Сапаркулова Гүлнара табылды.  Кароо-сынактын катышуучуларына Баткен шаардык профсоюз комитетинин төрайымы М.Калыкова  баалуу белектерди тапшырды.

1-орунга I даражадагы диплом жана 6000 сом

2-орун  I I даражадагы диплом жана 5000 сом

3-орун  I I I даражадагы диплом жана 3000 сом

Баткен шаарындагы баштапкы профсоюз уюмдарынын  арасынан Баткен шаарындагы С.Айтматов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Сапаркулова Гүлнара  кароо-сынактын областтык туруна катышууга жолдомо алды.