Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«2014-жыл мамлекеттүүлүк» жылына карата Өзгөн районундагы спартакиада

 

       2014-жылдын 26-апрель күнү «2014-жыл мамлекеттүүлүк» жылына карата    Өзгөн   районундагы Ж.Абдурасулов атындагы орто мектебинин базасында билим берүү кызматкерлеринин 23- спартакиадасы болуп өттү.  Спартакиаданын ачылышына Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Дүйшеев, билим берүү кызматкерлеринин Өзгөн райондук профсоюз комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов катышып куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, спортсмендерге спорттук ийгиликтерди каалашты.

     Спартакиаданын финалдык туруна аймактык мелдештерден I, II орундарды ээлеген мектеп  командалары  катышып, спорттун  5 түрү боюнча күч сынашты. Калыстар тобу  тарабынан  жеӊүүчүлөр  аныкталып, райондук  профсоюз  комитетинин жана  билим берүү бөлүмүнүн  I,II, III-даражадагы  дипломдору  жана акчалай сыйлыктары   менен   сыйланышты. Волейбол оюну  боюнча аялдар арасында А.Төрөгелдиев эркектер  арасында  Маматжанов Ордо оюну боюнча  Кызыл-Абад орто мектептеринин  командалары I орунду  ээлешти.

     Тогуз  коргоол оюну  боюнча   Д.Бапышева,   Д.Джееналиев, шахмат оюну  боюнча  А.Сагынбаева, Т.Жунаева, стол тенниси боюнча А.Мамабеталиева, Н. Садыковдор  жеӊүүчү  болушту.