Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2013-жыл-иштерман жылына карата

Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн К.Осмонкулов атындагы №2 гимназия класстары бар орто мектебинде «Манас» эпосу- кыргыз рухунун туу чокусу деген темада семинар болуп өттү. Бул мектепте Манас залы ачылды. Залда негизинен улуу манасчылардын сүрөттөрү,эпосту изилдөө тарыхы боюнча материалдар камтылды. Семинардын жүрүшүндө кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Ж.Кадыркулова,Н.Омурбаева тарабынан «Манас эпосу –түгөнбөгөн кенч»,»Манас ата жана биз» деген темаларда,тарых мугалими А.Ирсалиева,8-класстын жетекчиси У.Кушбакова тарабынан «Манас эпосу –кыргыз элинин улуу мурасы»,»Улуттар аралык ынтымак,достук,кызматташтык»деген темалардагы ачык сабактар өтүлдү.»Манас –кыргыз элинин туу чокусу» деген темадагы адабий-музыкалык композиция Манас залында мектептин тарбиялык завучу Х.Мырзаева тарабынан уюшулду.

 Мектеп 1966-жылы курулуп,»Кыргызстандын 40 жылдыгы» атындагы №2 орто мектеби аталган.Ал 630 орундуу,24 окуу бөлмөсү,спорт жана азем залы,ашкана жайгаштырылган. Алгач орус,кийинчерээк орус-кыргыз тилинде окутулуп,1991-жылдан баштап кыргыз тилинде окутулуп келе жатат. 2005-жылдан баштап гимназия класстары ачылган. 2006-жылы мектептин аталышы өзгөрүлүп,билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн,1992-2003-жылдары директор болуп эмгектенген,Эл агартуунун отличниги,маркум Кенжалы Дооронкулович Осмонкуловдун ысмы ыйгарылган.

 Азыркы учурда мектепте 58 мугалим эмгектенет.Жогорку билимдүү -50 мугалим,атайын орто билимдүү-8,Мындан Эл агартуунун отличниги-15 мугалим. Жалпы 1050 бала билим алат.

 Мектеп директору И.Кушбакова ушул мектептен мугалимдик сапарын баштаган. Ал 1982-жылы Ставрополдук Мамлекеттик Педагогикалык институтун бүтүргөн. 1993-2000 -жылы шаардагы М.В.Фрунзе атындагы №8 орто мектебинин директору,2006-жылдан №2 орто мектебинде директор болуп иштеп келе жатат.

Мугалимдер жамаатынын тынымсыз эмгегинин,И.Кушбакованын жопкерчилигинин астында «Жылдын мыкты мектеби-2009» Республикалык конкурста 3-орунду ээледи.

И.Кушбакованын жетекчилиги астында бир нече долбоорлор иш жүзүнө ашкан. Мектеп директору И.Кушбакова жана мектептин эмгек жамааты өлкөнүн саясатын колдоп,»Манас осуятынан улуттук идеологияга карай»деген ураандын негизинде иш жүргузүшүүдө.

 Президент А.Атамбаев тарабынан жарыяланган 2013-жыл-иштерман жылында К.Осмонкулов атындагы №2 гимназия класстары бар орто мектебинде ачылган Манас залы көрүнүктүү орунду ээлеп, элге, ата-энелерге, мугалимдерге эстелик катары кала берет.