Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2012-жылдагы Борбодук Комитет тарабынан жарыяланган кароо-саныктарда жеңүүчү болгон №14 "Нооруз". . .

2012-жылдагы Борбодук Комитет тарабынан жарыяланган кароо-саныктарда жеңүүчү болгон №14 "Нооруз", №6 "Жылдыз" бакчаларынын базасында бакча жетекчилеринин, профкомдорунун областтык семинары Жалал-Абад областтык Комитети тарабынан Ноокен районунда 15-июнь, 2013-жыл күнү өткөрүлдү. Семинарга областтык Комитеттин бөлүм башчысы А.Т.Бекматов, райондук администрация башчысынын орун басары Н.А.Бекжигитова, Районнүн башчысы Б.С.Козуев, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү, областтын район-шаарларынан бакчалардын жетекчилери катышты. Семинардын катышуучулары №12 "Ак-Марал", №14 "Нооруз", №6 "Жылдыз" бакчаларынын социалдык-өнөктөштүк боюнча иш аракеттеринин негизинде жетишкен ийгиликтери менен таанышышты. Социалдык-өнөктөштөр: айыл Округу, айылдык Кеңеш, ата-энелер тарабынан бакчаларындын окуу-тарбия ишине көмөк көрсөтүү иштери мындан ары өркүндөшү жана тыгыз байланышта иштештери жөнүндө ой-пикирлерин айтышты. Семинардын жыйынтыгында семинарды даярдоо жана өткөрүүдөгү жетишкен ийгиликтери үчүн бакчалардын жамааттарына алкыш билдирилип, "Арсланбап" пансионатына акысыз эс алуу үчүн жолдомолор менен сыйланышты.

 

№35 Ш.Сүйөркулов атындагы орт мектебинин мугалими Уметов Улан.