Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1916-жылдагы «Үркүн» окуянын 100-жылдыгына карата «Тарыхта калган кара тактар» аттуу конкурс

      Токтогул районунун  Маданият  үйүндө  Токтогул  райондук  билим  берүү  бөлүмү  жана  Токтогул  райондук   билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинин  демилгеси  менен  «Үркүн»  окуясынын  100-жылдыгына  карата  мектептер  арасында «Тарыхта  калган  кара  тактар»  аттуу  конкурс  болуп  өттү. Конкурстун  ачылышын  Токтогул  районунун акими М. Асанканович,  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Д. Сулпукарова жана  профсоюз  комитетинин  төрагасы  

Т. Исраилов  болуп   ачышты. Конкурстун  жеӊүүчүлөрүнө жана  номинацияларга Токтогул райондук билим  берүү бөлүмү  жана Токтогул  райондук  билим жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинин  төрагасы  Т. Исраилов  тарабынан ардак  грамоталар  жана  баалуу  сыйлыктар  тапшырылды.  

Токтогул  районундагы  мектептердин  окуучулары  «Үркүн» окуясына  байланыштуу  чакан пьесаларды  коюп берип, кыргыз  эли  100-жыл  мурун  кандай  гана   кыйнчылыктарды  башынан өткөргөнн көрармандарга жеткире   алышты

Ардак   грамота  жана  сыйлыктарды  тапшыруу    аземинде  билим  берүү  бөлүмүнүн башчысы  Д. Сулпукарова  жана  Токтогул  райондук  билим  жана  илим

кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинин  төрагасы  Т. Исраилов  сыйлыктарды   тапшырышты

Конкурста  1-орунду  ээлеген  «Манас»  атындагы орто  мекетебинин  жана

           2-орунду  элеген  «Жоомарт»  атындагы орто мектебинин  жамааты  менен