Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

15-сентябрь билим күнү

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Чаңгылов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде билим күнү кош майрам менен белгиленди. Мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди, окууучулар бардык шарттары бар класстарга киришти.

Мектеп директору К.Балтаев салтанатты ачып, жаңы мектептин курулушуна түз салымын кошкон демөөрчүлөргө жана айыл өкмөтүнө терең ыраазычылыгын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты А.Турсунбаев мектеп жамаатын жана окуучуларды билим күнү менен куттуктап, окуу-тарбия иштерине ийгиликтерди каалады.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы Ж.Дүрүсалиев да өзүнүн каалоо-тилектерин билдирди жаеа мектептин кесиптик бирлигинин төрагасы Т.Садыралиевге Жалал-Абад санаториясына эс алууга жолдомо берди.

Ошондой эле салтанаттын башка катышуучулары да өзүлөрүнүн каалоо-тилектерин билдиришти, мектепке белектерин тапшырышты.

Биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин баштапкы уюмнунун төрагасы Т.Садыралиев