Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-октябрь – Карыялар күнүнө карата ардагер агай-эжекелер сыйланды

1-октябрь – Карыялар күнүнө карата Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан атайын иш-чара уюштурулуп, райондун мектептеринин ардагер мугалимдери чакырылды.

Анда Ноокен райондук кесиптик бирликтин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Борбиева аларды майрамдары менен куттуктап, каалоо сөздөрүн айтышты жана профсоюз тарабынан даярдалган атайын белектер тапшырылды.

Ардагер агай, эжекелерибиз жетекчилерге көңүл буруп, сыйлап чакыргандыктары үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын  беришти. Бул иш-чаралар райондун баштапкы кесиптик уюмдарында да уланып, атайын иш-чаралар уюштурулуп, өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен рай КБКнын инспектору Т.Бакиров