Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү

  Кадамжай районуна караштуу Охна «Баластан»  балдар бакчасында «Ыйман, адеп жана маданият жылынын» иш-чараларынын алкагында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу майрам күнү белгиленди.                       

   Балдарды коргоо күнүнө арналган салтанатка А.Орозбеков  айыл аймагынан соц. адиси  Матисаева Гулдар, Райондук билим берүү бөлүмуүнөн методист Кожонова Айзада катышып, бул иш чара жогорку деӊгээлде өткөндүгүн белгилешти.                                        

   Иш чаранын жүрүшү концерттик программа менен коштолду. Балдар өздөрүнүн ыр-бийлери менен ата-энелерди, келген конокторду кубантты жана белектерди алышты.