Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

“Жаш кыял” ийрими ачылды

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти жайгашкан №7-окуу имаратында студенттердин кыргыз элинин улуттук маданиятына болгон кызыгуусун арттыруу, маданий мурастарын жайылтуу жана комузда ойноого үйрөтүү максатында “Жаш кыял” ийрими ачылды.

Бул идеяны ишке ашырууга Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков көмөк көрсөтүп, кесиптик бирликтин атынан 10 (он) даана комуз алып берди.

Ийримдин ачылышында К.С.Жумабеков сөз сүйлөп, студенттерди окуу жайдын маданият тармагын өнүктүрүүгө, чоң бийиктиктерге жетүүгө өз салымдарын кошууга үндөдү. Жаштар департаментинин директору Алмаз Кадыр уулу КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасына ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик бирлик комитети