Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жалал-Абад обкомунун төрагасы Ала-Бука, Аксы районунундагы кесиптештерден кабар алды.

Жалал-Абад обкомунун төрагасы Ала-Бука, Аксы районунундагы кесиптештерден кабар алды.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин демилгеси менен уюштурулуп жаткан “Кесиптештерге жардам “ акциясынын алкагында Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, аппарат кызматкерлери, обкомдун президиумунун мүчөсү , Ноокен райкомунун төрагасы К. Нышановтор 2020-жылдын 18-май күнү Ала-Бука, Аксы райондорунда болуп, кесиптештерден кабар алышты.

Акцияны Ала-Бука райкомунун төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич ачып, келген меймандар менен тааныштырып, сөздү обкомдун төрагасына берди. Төрага өзгөчө абал жөнүндө, республикалык бийлик жүргүзүп жаткан чаралар тууралу сүйлөп кызматкерлердин ден-соолуктарын, үй-бүлөсүнүн абалын сурап каалооларын билдирди. Ала-Бука райкому тарабынан сунушталган колдого муктаж болгон 5 кызматкерлерге ар бирине 3 миң сомдон 15 миң сом обкомдун төрагасы тарабынан акчалай жардам тапшырылды.

Берилген жардамдар үчүн Ала-Бука райкомунун төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич жана профсоюз мүчөлөрү сүйлөп, профсоюздук жетекчилерге ыраазычылык билдиришти.

“Кесиптештерге жардам “ акциясы Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы №16 “Нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде уланды. Акцияны Аксы райкомунун төрагасы Сагынбек Камчыбеков баштап, сөздү обкомдун төрагасы А. Исмаиловко берди. Төрага жамаатка жакшы каалоолорун билдирип, кодоого муктаж болгон кесиптештерге акчалай жардамдарды тапшырды.

Акция Кош-Дөбө айыл аймагындагы Т.Мавлянов атындагы орто мектебинде, Кербен шаарындагы №1 С.Качкеев атындагы орто мектебинде, Үч-Коргон айыл аймагындагы №34 Мешков атындагы орто мектебинде улантылып, жалпысынан 5 кызматкерлеге 15 миң сом жардамдар берилди.

Акция жыйытыгында Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эмильбек уулу Талантбек, Аксы райкомунун төрагасы Сагынбек Камчыбеков, мектептердин, бакчалардын директорлору, профсооюз уюмунун төрагалары сүйлөшүп, Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловичке, обкомдун төрагасы

А. Исмаиловко, профсоюздук лидерлерге ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору-А.Айдаров.