Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жабыр тарткан мугалимдер эс алууда

2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын агрессиясынан жапа чеккен Баткен районундагы чек арада жайгашкан билим берүү кызматкерлери “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Жалал-Абад”, “Ысык-Ата” санаторийлеринде  Борбордук комитет тарабынан берилген жолдомолор менен эс алууда.

Акыркы маалымат боюнча райондогу иштеп жаткан 77 билим берүү кызматкердин үйү талкаланып жашоого жараксыз абалга келген, 56 кызматкердин үйү жабыр тарткан (мүлктөрү тонолгон, айнек, эшиктери сынган, сарайлары өрттөлгөн).

Эс алып, дарыланып жатышкан кызматкерлер профсоюздун Борбордук, областтык жана райондук комитеттерине алар үчүн кам көрүп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын төрагасы А.Зайитов