Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Профсоюз мүчөбүзгө колдоо көрсөтүлдү

№14 1-Май атындагы гимназия мектебинин мугалими Усенбаев Эмилбек Сакыбекович   убагында мектептин директору болуп да иштеп келген.  Кокустан катуу оорууга чалдыгып калган. Азыркы учурда дарыланып жаткан кези.  Ошондуктан   профсоюз уюму анын ал-ахыбалынан  кабар алып,  ден-соолугун сурап, колдоо көрсөтүштү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев Усенбаев  Эмилбекке сакайып кетүүнү каалады. Профсоюз комитетинин атынан материалдык  жардам тапшырды.

Мугалим Э.Усенбаев  ушундай учурда унутпай жардам бергендиги үчүн профсоюз комитетине     ыраазычылыгын   билдирип, алардын  иштерине  ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси - К.Асыранкулов