Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Профсоюз комитети мугалим, кызматкерлердин үйлөрүнө гуманитардык азык түүлүк жардамын таратты

Профсоюз комитети мугалим, кызматкерлердин үйлөрүнө гуманитардык азык түүлүк жардамын таратты

      Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Профсоюз комитети карантин учурунда да өз ишмердүүлүгүн тыгыз улантып, өлкөбүздө болуп жаткан оор кырдаал, кыйын кезеңде өлкөгө илим-билимдүү жаштарды даярдоого ар дайым ынтызар болуп, пандемия учурунда үйлөрүнөн татыктуу билим берип жаткан университеттин жардамга өтө муктаж мугалимдерине, кызматкерлерине жардам берүү демилгесин көртөрдү. Ар бир факультет жана университеттин структуралык түзүмдөрдүн жетекчилери, андагы профбюлору кеңешип, экиден окутуучу мугалимдер, кызматкерлердин тизмесин беришкен. Тизме боюнча көрсөтүлгөн 70 жакын мугалимдерге, структуралык түзүмдөрдүн кызматкерлерине Профсоюз комитети керектүү, пайдалуу азык түлүктөрдөн турган баштыктарды шаардын ар бир бурчунда жашаган мугалимдердин үйлөрүнө даректери боюнча таң эртеден кечке чейин жеткирип беришип, аларга университетте иштеп, эмгектенип, билим берип жаткандары үчүн ыраазычылык билдиришти. Бул албетте, жакшы дем берип, аз да болсо дагы көнүлдөрүн көтөрө алды. Эң башкысы кандай гана болбосун, ар бир кызматкер профсоюз үчүн абдан маанилүү жана эч качан көңүл чордонунан тышкары калбайт дегенди билдирет.

Профсоюз комитети университеттин ар бир кызматкерлерине бекем ден соолук, үй бүлөлүк бакыт каалайт! Сабырдуулук менен бул күндөрдү жеңели. Сагыныч, жакшы маанай менен өз жумуштарыбыздан жолушалы!