Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Областтык комитеттен жардам көрсөтүлдү

Өзгөн районундагы алыскы аймакта жайгашкан Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Абад орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенген Г.Оморалиевдин жеке турак-жайы өрттөн толугу менен күйүп кеткен.

Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жана Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2022-жылдын 16-апрелинде Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Абад орто мектебинин математика мугалими Г.Оморалиевге материалдык жардам көрсөтүлдү. Областтык профсоюз комитети тарабынан 15000 сом, ал эми райондук профсоюз комитети тарабынан 20000 сом акчалай колдоо көрсөтүлдү. Оморалиев Гулмурад жана мектеп директору областтык жана райондук профсоюз комитеттерине көрсөткөн колдолору үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ушундай эле материалдык жардам Ноокат районуна караштуу “Жайылма”орто мектебинин директору Э.Жумабаевге 10000 сом акчалай жардам берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык жана Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитеттери