Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Мугалимге даректүү жардам

Кырсык каш кабактын ортосунда демекчи, тилсиз жоонун кесепетинен Кадамжай районуна караштуу Уч-Коргон айылындагы А.Жомий атындагы орто мектебинин мугалими, Турсуналиев Дониердун үй жайы толугу менен күйүп кеткенинен туугандарынын үйүндө баш калкалап калган болчу.

Мектептин директорунун демилгеси менен тазалоо жана жыйноо иш аракеттери көрүлүп, мектеп жамааты кырсыктын кесепеттерин жоюуга ынтымак менен кол кабыш кылышты. Ал эми Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Ю.Момошев  мугалимден кабар алып, үй-жайынын абалы менен тааныш, комитет тарабынан материалдык жардам көрсөттү.

Мындай жагымсыз кабар угулар замат, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөковдун Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук жана Сүлүктү, Баткен, Кызыл-Кыя шаардык комитеттеринин төрагалары менен онлайн кеңешме өткөрүп, дароо жардам көрсөтүү демилгеси колго алынды.

2024-жылдын 9-февралында кесиптик бирликтин Баткен областтык жана район/шаардык комитеттери тарабынан өрт кырсыгынан турак жайы толугу менен күйүп кеткен Кадамжай районунун Үч Коргон айылындагы А.Жомий орто мектебинин биология мугалими Турсуналиев Дониерго материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын иш сапары менен Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Заитов, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык кесиптик бирлик комитететтеринин төрагалары Кадамжай районуна барышты. А.Жомий орто мектебинин жамааты менен жолугуп, Дониерго даректүү материалдык жардам көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети