Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Материалдык жардам көрсөтүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Алай райондук комитети тарабынан муктаж болгон профсоюз мүчөлөрүнө материалдык жардамдар берилди.

Алып айтсак, С.Мамбетова -№3 Токтогул атындагы орто мектептин техникалык кызматкери, оор операция болгонуна байланыштуу 10000 (он миӊ) сом материалдык жардам берилди. Бектурган кызы Нурбийке -  М.Адышев  атындагы №1 мектеп-гимназиясынын  математика мугалимине,  боорунан  операция   болгонуна  байланыштуу 10000 (он  миӊ) сом материалдык  жардам  берилди. Сапаров Мойдун - Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп – гимназиясынын техникалык кызматкерине, жүрөгүнө стенд койдургандыгына байланыштуу 10000 (он миӊ) сом материалдык жардам берилди. Маданбеков Базарбай - М.Адышев атындагы №1 мектеп-гимназиясынын техникалык кызматкерине, турмуш шартына байланыштуу 5000 (беш миӊ) сом берилди. Маданбек уулу Барлас -  М.Адышев атындагы №1 мектеп-гимназиясынын музыка мугалими, турмуш шартына байланыштуу 5000 (беш миӊ) сом берилди. Калдыбаев Талант - А.Мадалиев атындагы №10 мектептин директору, кыргыз тили жана адабияты мугалимине, колунан жаракат алганына байланыштуу 5000 (беш миӊ) сом материалдык жардам берилди. Аттокуров Жаныш - Курманжан датка атындагы №19 орто мектебинин техникалык кызматкерине, жүрөгүнө стенд койдургандыгына байланыштуу 10000 (он миӊ) сом материалдык жардам берилди.

Материалдык жардам алган профсоюз мүчөлөрү уюштуруучуларга  ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Алай райондук комитети