Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Материалдык жардам берилди

2023-жылдын 3-декабрь ден соолук мүмкүнчүлүгү четелген майыптарды коргоо күнүнө карата Сүлүктү шаарындагы В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү №1 орто мектебинин мугалими Т.И.Салиевдин кызы көп жылдан бери ооруп тез арада кымбат операцияга муктаж болуп жаткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелерине да кесиптик бирлик тарабынан кайрылуу жиберилип, ар бир билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринен материалдык жардам көрсөтүү боюнча атайын чогулуштарынын негизинде жардам үчүн акча каражаттары чогултулуп берилди.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров чогултулган 50 000ден ашык акча каражаттарын Т.И.Салиевге тапшырып жатып кызынын ал акыбалын жана ден соолугун сурап тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин президиумунун чечиминин негизинде Т.И.Салиевге 10 000 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети