Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Материалдык колдоо

Ноокен райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан ар бир профсоюз мүчөлөрүнүн кайрылуулары каралып              келет. Баштапкы кесиптик уюмдардан жана профсоюз мүчөлөрүнөн келип түшкөн кайрылуулардын негизинде үйү өрттөнүп кеткен 2 мугалим жана 1 техникалык кызматкерге, ошондой эле ооруудан улам чет өлкөгө операцияга барууга муктаж болуп жаткан 1 мугалимге, жакын адамы каза болгон 1 мугалимге материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Ошондой эле райондун аймагындагы мектеп жана бала бакчалардын баштапкы кесиптик уюмдары да мүмкүнчүлүккө жараша жардамдарды уюштурушту.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук кесиптик бирлик комитети