Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кесиптик бирлик ыраазычылык билдирет

Кыргыз-тажик чек ара жаӊжалында жабыр тартышкан билим берүү  кызматкерлерине  кесиптик бирликтин Баткен  райондук  комитети тарабынан 158 миӊ сом  акчалай жардам берилди жана бул саамалык мындан ары да улантыла берет.

Жакындарынан  айрылышкан, уй-жайы  өрттөлгөн жарандарга республиканын  бардык  аймактарынан материалдык жардамдар  келүүдө. Анын ичинде чек  ара  жаӊжалынан жабыр  тартышкан  Баткен районундагы  23 билим  берүү  кызматкерлерине  акчалай  жардамдар тапшырылды.

Жабыр  тарткан  билим берүү кызматкерлерин  ушундай оор күндөрдө аларга материалдык  жана гуманитардык  жардам көрсөткөндүгү  үчүн кесиптик бирликтин областтык, шаардык, райондук  комитеттерине тереӊ  ыраазычылыктарын  билдиришти.

Ошондой  эле  акчалай  жана материалдык  жардам көрсөтүшкөн төмөндөгү  райондордун, шаарлардын мугалимдерине, бардык кесиптештерге ыраазычылык  билдиребиз:

- Кара-Суу  райондук билим берүү бөлүмүнө;
- Алай райондук  билим берүү бөлүмүнө;
- Араван райондук  билим берүү бөлүмүнө;
- Кара-Кулжа райондук  билим берүү бөлүмүнө;
- Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнө;
- Өзгөн райондук  билим берүү бөлүмүнө;
- Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө;
- Ош шаардык  билим берүү бөлүмүнө;
- Ош МУ нун эмгек жамаатына.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райКБКнын төрагасы А.Зайитов