Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

“Кесиптештерге жардам” акциясы Чаткал районунда уланууда.

“Кесиптештерге жардам” акциясы Чаткал районунда уланууда.

    Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жетекчилигинде “Кесиптештерге жардам” акциясы республикада райшааркомдор тарабынан социалдык өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

    Чаткал райкомнун төрагасы Кудайбердиев Ызан Кожонович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынышов Тажибай Мамбетович баш болгон гумжардам уюштуруучулар жер-жерлерге барышып, колдого муктаж болгон билим берүү кызматкерлерине азык-туулук тапшыруушуда. Азыркы күнгө чейин ар бирине бир миң сомдук жардамдан турган 81 кызматкерге 81000 сомдук гумжардам уюштурулду.     

    Аралыктан окуутуда келип чыккан проблемаларды ата-энелердин, окуучулардын суранычтарынын, кайрылууларынын негизинде телевизор жана телефон менен камсыз кылуу көйгөйлорун чечишүүдө. “Кесиптештерге жардам” акциясы уланууда. Чаткалдык мугалимдер профсоюз уюмуна ыраазычылыктарын билдирүүдө.

Материалды даярдаган: Обкомдун инпектору-А.Айдаров.