Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кайрымдуулук акциясы уюштурулду

Кайрымдуулук бул чоң сооптордун бири. Кыргыз эли эзелтеден колунан келген жардамын берип, боор тарткан кайрымдуу эл болгон. Ошондой эле, ал адамдын асылдыгын, улуулугун аныктап, коомдогу биримдикти, ынтымакты камсыз кылып турат.

Сөз башынан болсун. 2023-жылдын 18-августунда белгисиз себептерден улам Сүлүктү шаарынын Т.Ибрагимов көчөсүндө 7 батирлүү турак үй күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөшүү ыкчам топтору тилсиз жоо алган турак жайга жетип барышкан, бирок күч алып кеткен өрткө каршы туруштук бере алган эмес. Натыйжада 7 үй-бүлө өрттүн кесепетинен үй-жайсыз калышкан. Мына ошол 7 үй-бүлөнүн арасында тилекке каршы билим берүүнүн кенже кызматкеринин да үйү болгон. Ал М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин кызматкери Васильева Оксана.

Бул  окуяга байланыштуу шаардык мэрияда кезексиз ЧК штабы чакырылып, шаардын өнүктүрүү фондуна “Өрттөн жапа чеккендерге жардам” үчүн атайын эсеп ачылды. Шаар жетекчилиги, билим берүү бөлүмү, билим берүү мекемелеринин жалпы кызматкерлери жана шаардагы баардык мекеме-ишканалар шаардык мэриянын аппараттык отурумунун чечими менен “Кайрымду бол” акциясын уюштуруп, 1 күндүк эмгек акыларын которуп жатышат. Шаардык билим берүү бөлүмү жалпы суммасы 308 000 сом которду.

Бул акцияга кайдыгер карабай, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков областтын аймагындагы райондук жана шаардык комитеттеринин төрага/төрайымдары менен чукул онлайн отурум уюштуруп, материалдык жардам көрсөтүүнү демилгеледи.

2023-жылдын 6-сентябрында З.Н.Бөтөков баштаган район/шаардык комитеттеринин төрагаларынан турган делегация Сүлүктү шаарына келишип жабыр тарткан кызматкерибизден кабар алып, акчалай жардамдарын көрсөтүштү жана М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин жамааты менен жолугушуп кетишти. Жолугушууга Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Джапарова жана Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.Кудаяров катышышты. Жыйынтыгында мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюму жана мектеп жетекчилиги өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети