Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Эмгек мамилелери боюнча областтык семинар

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан 2023-жылдын 12-апрель күнү Баткен шаарындагы №4 жалпы орто билим берүү мектебининин базасында «Билим берүү мекемелеринде жетекчи менен кызматкердин ортосунда эмгек мамилесин түзүүдө жетекчиликке алынуучу ченемдик-укуктук актылар жана билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын тарификациялоону туура түзүү жөнүндө» областтык окуу семинары болуп өттү. Семинардын катышуучулары үчүн Баткен шаарындагы кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын иш кагаздарынын көргөзмөсү уюштурулду.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Төраганын кеңешчиси А.Султанбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси М.Орозбеков, Баткен областтык кесиптик бирлик кеңешинин төрагасы А.Казаков, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен областтык усулдук борборунун директору О.Эркебаев, Баткен райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана кесиптик бирликтин райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары, жаңыдан дайындалган мектеп директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары, чек арада жайгашкан мектептердин мугалимдери катышышты.

Семинардын жүрүшүндө жогоруда аталган темаларда презентациялар көрсөтүлүп, суроо-жооптор менен коштолду.

Кесиптик бирликтин Баткен шаардык комитетинин төрайымы М.Калыкова билим берүү уюмдарында жана кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарында иш-кагаздарынын жүргүзүлүшү жөнүндө презентация жасады. Ал көрсөтмө куралдар, фото-слайддар менен коштолду.

Эмгек мамилеси боюнча ченемдик-укуктук актылар жөнүндө Кесиптик бирликтин областтык комитетинин жооптуу кызматкери А.Масалиев кеңири түшүндүрмө берди.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков кесиптик бирликтин областтык комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Семинардын соңунда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов кеңири сөз сүйлөдү. Күн тартибиндеги маселе боюнча кесиптик бирликтин Баткен областынын уюмдарында иштерди жакшыртуу, билим берүү кызматкерлеринин эмгектик жана социалдык таламдарын коргоону талаптагыдай жүргүзүү, жайкы эс алууларын жакшы уюштурууну баса белгиледи.

Семинардын аягында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин боюджетинин эсебинен 2022-жылы сентябрь айында чек ара кагылышуусунда жабыр тартышкан Баткен жана Лейлек районунун билим берүү кызматкерлерине 20 даана  ноутбук  тапшырылды. Баалуу белек алышкан мугалимдер Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловго ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси – Гапарали уулу Мансур