Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Чек арадагы кагылышуудан жапа чеккен билим берүү кызматкерлерине жардам берүү уланууда

Кыргыз-Тажик кагылышуусунан Баткен районунан 7 мугалимдин үйү өртөлгөн жана 2 билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин күйөөсү каза болгон.

Баткен районунда үйлөрү өртөлгөн мугалимдер:

  • Рабиев Авытали - Баткен району Достук орто мектебинин директору
  • Бегалиева Асылкан - Баткен району Ж.Момунов атындагы орто мектебинин мугалими
  • Мамытова Иноват - Баткен району “Балажан балдар бакчасынын кызматкери

Жогорудагы үйлөрү өртөлгөн кызматкерлерге акчалай материалдык жардам берилди. Ошондой эле Баткен райондук профсоюз комитети да акчалай материалдык жардамын тапшырды.

Жакындары каза болгон кызматкерлер:

  • Момунова Айгул- Баткен районунун Ш.Ганы атындагы орто мектебинин мугалими,  күйөөсү Каратаев Мамасалы  каза болгон
  • Абдирашит кызы Кайрыл- Баткен району “Кулунчак” балдар бакчасынын тарбиячысы, күйөөсү Саттаров Турдубай каза болгон.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков каза болгондордун үйүнө барып көнүл айтып, материалдык моралдык жактан колдоо көрсөттү.

Ош областынын Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү тарабынан берилген акчалай жардамдарын Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажлимов жабыркаган билим берүү кызматкерлерине тапшырды.

         

Маалыматты даярдаган: Баткен облпроф комитетинин адиси К.Акимов