Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

“Кесиптештерге жардам” акциясы Көк-Жаңак шаарында.

“Кесиптештерге жардам” акциясы Көк-Жаңак шаарында.

     Жалал-абад облусунун профсоюздук лидерлери тарбынан Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин демилгесин колго алып райшаарларда “Кесиптештерге жардам” акциясын өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана шарттарына ылайык уюштуруушуда.

     Аталган акция Көк-Жаңак шаарында улантылып, шаардык комитеттин төрайымы Рысмамбетова Жумакан Арзиевна, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейдахматова Саткынташ Маматалиевна биргеликте уюштуруушту. Акцияда 52 профсоюздук мүчөлөргө 22500 сомдук гуманитардык жардамдар жеринде таркатылып берилди.

     Билим берүү кызматкерлери шаардык жетекчиликке ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров.