Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Билим берүү кызматкерлеринин коммуналдык чыгымдары төлөнүп берилди.

     Билим берүү кызматкерлеринин коммуналдык чыгымдары төлөнүп берилди.

     Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, баштапкы кесиптик уюмдары жана мектеп администрациясы тарабынан «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын 32-беренеси жана «Мугалимдин статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 8-10-11-беренелерине ылайык билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүү максатында үч тараптуу макулдашуулар түзүлгөн. Анын негизинде Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70 000 сом каражат бөлүнүп, азыркы өлкөбүздө жаралып жаткан кырдаалга карата 237 билим берүү кызматкерлеринин коммуналдык чыгымдары төлөнүп берилди.