Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Балдарга колдоо көрсөтүлдү

2023-жылдын 6-декабрь күнү билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгөн райондук комитети тарабынан райондун аймагындагы мектептерде жана бала бакчаларда эмгектенген мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар 27 кызматкерге акчалай материалдык колдоо көрсөтүлдү. Иш-чарага Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Асанбаев катышты.

Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Асанбаев, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жолдоштор мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды багып, тарбиялап жаткан билим берүү кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, балдарына жана аларды багып жаткан ата-энелерине бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Иш-чаранын соңунда Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан  мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар билим берүү кызматкерлеринин ар бирине - 2000 сомдон, жалпы 27 билим берүү кызматкерлеринин балдарына - 54000 сом акчалай материалдык жардам көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети