Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Жети-Ɵгүздө президиум өттү

2023-жылдын 1-июнунда кесиптик бирликтин Жети-Ɵгүз райондук комитетинин президиуму болуп ѳттү. Президиумга Жети-Ɵгүз райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы М.Асанкожоев жана 53 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышты. Президиумунда тѳмѳнкүдөй маселелер каралды:

1. Э.Гапаров, А.Алтымышбаев, С.Давлетов атындагы орто мектептеринин жана “ Арча”, “Сезим” мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын текшерүү комиссияларынын иштеринин абалы жѳнүндѳ.

2. Жалпы билим берүү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында баштапкы кесиптик бирлик уюмунун, мектеп администрациясынын жана айыл  өкмөтүнүн ортосундагы үч тараптуу келишимдин 2023-жылдын 6 айына карата аткарылышынын абалы жѳнүндѳ.

3. Билим берүү кызматкерлерине санатордук-курорттук эс алууга жолдомолордун бѳлүштүрүлүшү  боюнча маалымат.

4. Райондун билим берүү кызматкерлеринин 1 күндүк эс алуусун уюштуруу жѳнүндѳ. Президиумдун күн тартибинде 4 маселе каралып, чечимдер кабыл алынды.

Андан тышкары “Билим берүү кызматкерлеринин жана алардын  балдарынын жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө” маселе каралып, анда 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча 40 мектеп, 17 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана 6 мектептен сырткаркы мекемелеринин кызматкерлеринин эс алуусун уюштурууда райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан жылдагыдан көп акча каражаты бөлүнүп, учурда кызматкерлердин 1 күндүк эс алуусун уюштуруу иштери жүргүзүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жети-Өгүз райондук комитетинин төрагасы Ө.Молдокматов