Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

XVII кайра шайлоо конференциясы

2023-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин XVII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов, Ош областтык кесиптик бирликтин төрагасы, кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы, Баткен областтык кесиптик бирлик комитеттеринин төралары, КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын адиси ж.б. социалдык өнөктөштөрдүн окүлдөрү жана тейлөөдөгү уюмдардан шайланган 97 делегат катышышты.

Конферецияда кесиптик бирликтин Ош областтык комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев 2018-2022-жылдарда аткарылган иштер тууралуу доклад жасады. Областтык кесиптик бирлик комитетинин күн тартибиндеги текшерүү комиссиясынын отчету угулуп, делегаттар тарабынан жактырылып, ал отчет эске алынды. Талкууга катышкан делегаттар комитеттин аткарган иштерин алгылыктуу экенин баалап, отчеттук мезгилдеги ишмерүүлүгүнө канааттандыраарлык деген бааларын беришип, токтом кабыл алынды. Конферецияда текшерүү комиссиясынын 5 кишиден турган жаңы тутумдары шайланды.

Шайлоонун жүрүшүндө кесиптик бирликтин областтык комитетинин төрагалыгына С.Тойгонбаев жана Б.Турдубаев сунушталып, Б.Турдубаев өз талапкерлигин алып койду. Мындан улам делегаттар төраганы ачык добуш менен шайлоону сунушташып, 96 макул, 1 калыс добуш менен КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы болуп кайрадан С.Тойгонбаев шайланды.

Конференциянын соңунда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов алдыңкы делегаттарга кесиптик бирликтин борбордук комитетинин “Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси, Ардак грамота менен сыйлады жана областтык комитеттин жаңы курамын, төрага С.Тойгонбаевдин ишенимге ээ болуусу менен куттуктап, тармактык кесиптик бирликтин алдында турган жаңы милдеттери тууралуу кеңири токтолду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин борбордук комитети