Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Төрага А.Токтогулов Баткен, Жалал-Абад областтарында болду

ЛЕЙЛЕК: ОТЧЕТТУК КАЙРА ШАЙЛОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов Баткен областында болгон иш сапарында 2023-жылы 6-июнда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясына катышты.

Конференцияда Лейлек райондук комитетинин төрагасы А.Бердиев 2018-2023-жылдардагы аткарылган иштери жөнүндө отчеттук баяндама жасады. Ал отчеттук мезгилде Кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан жүргүзүлгөн иштерге кеңири токтолду.

Билим берүү кызматкерлеринин эмгектик укугун жана таламын коргоо, алардын иштөөсүнө жана эс алуусуна талаптагыдай шарттарды түзүү райондук комитеттин жана бардык баштапкы уюмдардын ишинин башкы милдети жана максаты болгондугун баса белгиледи.

Айрыкча акыркы жылдары мугалимдердин эмгектик укугун коргоого айрыкча көңүл бурулуп жаткандыгын, ар бир кайрылуу, укугу бузулган көрүнүштөр кароосуз калбагандыгын айрым далилдүү фактылыр менен айтып өттү.

Ошондой эле кесиптик бирликтин райондук комитети жана баштапкы уюмдары ар кандай кароо-сынактарды, кечелерди, спорттук мелдештерди жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн демилгечилери экендигин отчеттук доклад боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр айтып өтүштү.

Отчеттук кайра шайлоо конференциясында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов кеңири сөз сүйлөдү. Ал райондук комитеттер жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдар өз ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүү, айрыкча эки жана үч  тараптуу жамааатык келишимдердин аткарылышына көңүл буруу керек экенидигин баса белгиледи.

Райондук комитет, ушул иште өтө активдүүлүктү көрсөтүү керектигине катышуучулардын  көңүлүн бурду. Райондук комитеттердин жана баштапкы уюмдардын чогулуштарында жамааттык келишимде жана өнөктөштүк милдеттердин аткарылышы жөнүндө маселелер сейрек каралып, иштиктүү чаралар дайыма эле көрүлө бербейт.

Учурда башкы көңүл мугалимдердин эмгек өргүүлөрүн, эс алууларын жогорку деңгээлде уюштуруу, ал үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл,-деди А.Токтогулов.

Ошондой эле А.Токтогулов өз сөзүндө Кесиптик бирликтин борбордук комитети тарабынан көрүлүп жаткан иш-чараларга кесиптик бирлик уюмдары мыйзам талаптарын так аткарышына Билим берүү жана илим министрлиги менен түзүлгөн эки тараптуу келишимге ылайык социалдык  өнөктөштүк кандай аткарылып жаткандыгына да кеңири токтолду.

Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов конференциянын жүрүшүндө кесиптик бирликтин ишине активдүү катышкан айрым активисттерге Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин сыйлыктарын тапшырды.

“Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгисине Лейлек районунун “Ысык-Көл” орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Б.Ташбаева, “Ак-Терек” орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун төрагасы С.Пусуров, А.Новои атындагы орто мектептин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А.Салтмуратова татыктуу болушту.

Отчеттук кайра шайлоо конференциясынын делегаттары Кесиптик бирликтин райондук комитетинин жүргүзгөн ишмердүүлүгүн “канааттандырарлык” деп табышты жана А.Бердиев кайрадан кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы болуп шайланды. Конференцияда кесиптик бирликтин райондук комитетинин, анын президиумунун жана текшерүү комиссиясынын жаңы курамы шайланды.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З. Бөтөкөв, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Жеемуратов катышышты.

 

ЖАЛАЛ-АБАД: ОБЛАСТТЫН АКТИВИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Иш-сапардын алкагында 2023-жылдын 16-июнунда Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык, райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары жана жогорку окуу жайларынынкесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууда кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маанилүү маселелер талкууланды. А.Токтогулов сөзүндө мугалимдердин жайкы эс алуусун уюштуруу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу кесиптик бирликтин райондук, шаардык комитеттеринин башкы милдети экендигин баса белгиледи.

Кесиптик бирликтин Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук жана Майлы-Суу шаардык комитеттеринин төрагалары жайкы эс алуу боюнча маалыматтарды беришти жана Борбордук комитетке ушул маанилүү маселеге жетиштүү көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ошондой эле жолугушууда билим берүү кызматкерлеринин эмгектик укуктарын коргоо, аны талаптагыдай жүргүзүү маселеси да каралды. Акыркы мезгилде областтын мектептеринде эмгек коопсуздугун сактоодо айрым жагдайлар болуп жаткандыгы жөнүндө да айтылды.

Жолугушуунун акырында А. Токтогулов Кесиптик бирликтин райондук, шаардык комитеттери жана баштапкы уюмдары жамааттык келишимдердин аткарылышына көңүл буруу, кемчиликтерди четтетүү, ишти активдүү жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Катышуучулардын көптөгөн суроолоруна да жооп берди.

 

АКСЫ: ЛАГЕРДИН ДАЯРДЫГЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов Жалал-Абад областында болгон иш сапарынын алкагында  2023-жылы 14-июнда Аксы районундагы “Сары-Челек” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун жайкы эс алууга даярдыгы менен таанышты.

Аталган борбор жайкы каникул учурунда балдардын сүйүктүү эс алуу жайларынан болуп калды. Балдар эс алуучу жана жашоочу корпустары толук ремонттон өткөрүлгөн, бардык керектүү инвентарлар менен камсыз кылынган. Ушул тапта лагердин жетекчилиги балдарды кабыл алууга толук даяр экендигин билдиришти.

Бир потокто 100гө жакын балдарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар, жайкы сезондо миңдеген балдар каникул күндөрүн көңүлдүү өткөрө алышат. Алардын көңүлдүү, мазмундуу эс алуулары үчүн бардык шарттар көрүлүүдө, оюн-зооктордун, спорттук мелдештердин программалары иштелип чыккан. Балдар менен иштөөгө тажрыйбалуу педагогдор тартылган.

Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов  балдардын эс алуусун уюштурууга аны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча өз сунуштарны, ойлорун айтты. Борбордук комитет тиешелүү жардам көрсөтөрүн да белгиледи.

Ал эми “Сары-Челек” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун директору эс алуу борбору жайкы эс алууну талаптагыдай өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрө тургандыгына ишендирди. Кесиптик бирликтин Жалал-абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков да жайкы эс алууну уюштуруу боюнча өз каалоолорун, көмөк көрсөтө тургандыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети