Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Тогуз-Торо районунда жаңы төрага шайланды

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук уюмунун отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Анын ишине райондогу билим берүү уюмдарынын кесиптик бирлик комитеттеринен шайланган делегаттар катышышты.

Кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев отчеттук мезгилде аткарылган иштер тууралуу доклад жасады. Текшерүү комиссиясынын отчету угулду. Чыгып сүйлөгөн делегаттар райкомдун ишине канааттандырарлык деген бааларын беришти жана текшерүү комиссиясынын ишин жактырышты.

Райкомдун жана текшерүү комиссиясынын жаңы тутумдары шайланды. Буга чейин Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп келген Садыков Семетей Рыскулович билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Конференция узак жылдар райондук комитетти башкарып келген Ажыбаев Залкарбек Керипбаевичке ыраазычылык билдирди.

Садыков Семетей Рыскулович

Садыков Семетей Рыскулович 1960-жылы 21-ноябрда төрөлгөн, кыргыз, билими жогорку, Нарын педагогикалык окуу жайын жана Кыргыз Улуттук университетин аяктаган, башталгыч класстардын мугалими жана филолог адистиктерине ээ.

Эмгек жолунда 1978-1979-ж.ж. эл депутаттарынын Тогуз-Торо райондук комитетинде техник, 1981-1982-ж.ж. Тогуз-Торо районундагы Киров атындагы совхоздо жумушчу болуп иштеп баштаган.

Ал 1982-1985-ж.ж. Нарын педагогикалык окуу жайында билим алган. 1985-1987-ж.ж. Комсомол орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими, 1987-1990-ж.ж. Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, 1990-1992-ж.ж. Киров атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1992-2002-ж.ж. Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, башкы адиси, 2002-2012-ж.ж. Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 2012-2013-ж.ж. райондук балдардын өспүрүмдөр чыгармачылык үйүндө окуу бөлүмүнүн башчысы, 2013-2023-ж.ж. Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.

2023-жылдын 30-майынан тартып Садыков Семетей Рыскулович билим  берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо   райондук комитетинин төрагасы болуп иштеп жатат.

Билим  берүү тармагындагы көп жылдык жетекчилик кызматы жогору бааланып, Жалал-Абад областтык билим берүү башкармалыгынын, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын, билим  берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо   райондук комитетинин,  “Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун”, КР билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун мыктысы” төш белгилери,  Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Мыкты уюштургуч жетекчи – 2007”, “Мыкты уюштургуч жетекчи – 2009” дипломдору, “Саякбай Манасчы” эл аралык фондунун диплому, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ыраазычылык Каты”, “Тогуз-Торо районунун уюшулгандыгына 80 жыл” мааракелик медалы менен сыйланган. Ал “Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулу” болуп саналат.

Үй-бүлөөлүү, өмүрлүк жары дагы педагог, экөө 2 кыз, 3 уулду тарбиялап, баарына жогорку билим алганга көмөк көрсөтүштү.

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, областтык, райондук, шаардык, ЖОЖ жана АКООЖ профсоюз комитеттери, Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын эмгек жамааты,  Жалал-Абад областынын тармактык профсоюзунун активи, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы Садыков Семетей Рыскуловичти билим  берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы болуп шайланышы менен чын дилден куттукташат. Сизге бекем ден соолук, жетекчилик ишиңизге ийгиликтерди, үй-бүлөдө бакыт-таалайдын орношун  каалайбыз!