Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Талас областына болгон иш сапар

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2023-жылга түзүлгөн иш планына ылайык “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас областынын райондук, шаардык комитеттеринде Кесиптик бирликтин Уставдык талаптарына ылайык уюштуруу иштеринин абалы жөнүндө ” маселени карап келүү үчүн кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин 2023-жылдын 23-июнундагы №58 буйругунун негизинде 3-июлдан 7-июлга чейин кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси Б.Кадыркулов жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова иш сапары менен Талас областынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук жана шаардык комитеттеринде болуп келишти.

Иш сапарында КР Президентинин Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү-губернатор Дарданов Нурлан Камалбекович, КР Президентинин Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейдикеримова Мира Эсиркеповна, Талас шаарынын мэри Джумаев Эрмат Джумаевич, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мамбеталиева Венера Табылдиевна, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Имаров Алгынбай Төралиевич жана Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сагымбаев Бектур Абдыразакович жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугушуулар болуп, түзүлгөн ” Уч тараптуу макулдашуулар” боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Социалдык өнөктөш катарында билим берүү тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлердин социалдык жана экономикалык жактан маселелерин чечип, дайыма колдоо көрсөтүп келишерин билдиришти.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас райондук, шаардык комитетинин төрагасы Ч.Чалов, Бакай-Ата райондук комитетинин төрагасы Н.Солпиев, Айматов райондук комитетинин төрайымы Р.Абдыжапарова жана Манас райондук комитетинин төрагасы Н.Дуйшенбиевдердин кесиптик бирликтин Уставынын талаптарына ылайык жүргүзүп жаткан уюштуруу иштери менен таанышып жана кесиптик бирликтин Бакай-Ата райондук комитетинин кесиптик бирлик мүчөлөрү менен жолугушуу болуп, кесиптик бирликтин мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди. 

Ошондой эле Талас шаарындагы “Барчын” балдардын жайкы эс алуу лагеринин балдарды кабыл алууга даярдыгы менен таанышып, бир катар сунуштар берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети