Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Сузакта пленум болуп өттү

2023-жылдын 12-октябрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин кезексиз пленуму болуп өттү.

Пленумда уюштуруу маселеси каралды.

Буга чейин билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы болуп иштеп келген Орозалиев Абдимажит Джумабаевичтин кызмат ордун өз каалоосу менен тапшырып берүү жөнүндө арызын Пленум карап, канааттандырды.

Райондук комитеттин төрагалык кызматтына буга чейин ушул эле аппаратта эмгекти коргоо, техникалык инспектор болуп иштеп келген Примкулов Мусабай Маматовичтин талапкерлиги коюлуп, пленумдун 29   мүчөсүнөн 26 катышып, 26 мүчөсү добуш беришти. Жыйынтыгында М.М.Примкулов төрагалык кызматка бир добуштан шайланды. Пленумга обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов жана Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сариев катышты.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад областык комитети