Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин негизги багыттар боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө.

МААЛЫМАТ

  

- Областтык профсоюз комитетинин 2013-жыл үчүн түзүлгөн иш планы анын тейлөөсүндөгү бардык райшаар, окуу жайлардын профсоюз комитеттерине жана уюмдарына жөнөтүлүп берилген.

- БПК тарабынан бекитилген номенклатура папкалары түзүлгөн жана алар ирээтке келтирилген.

- ОПКнын тейлөөсүндөгү уюмдарда профсоюздук билеттер жана карточкалар менен 95% камсыздалган. Быйылкы окуу жылында жаъы ишке кабыл алынган кызматкерлер жана бюджеттик бөлүмдөргө кабыл алынган студенттик билеттер, карточкалар менен камсыз боло элек. Аларды камсыздоо боюнча аракеттер жүрүүдө. Жетишпеген билеттер такталып, апрель айында БПКга суммалар которулуп алынат.

- Профсоюз мүчөлүккө кабыл алууда жана 1% мүчөлүк акыны кармоодо өз ыктыярдуулугу жөнүндөгү арыздары толук аткарылган эмес. Райшаар, окуу жайлардын профсоюз комитеттерине толук бүткөрүү жөнүндө тапшырмалар берилди, көзөмөлгө коюлду, жакынкы айларда бул иш-чара аягына дейре бүткөрүлөт.

- ОПКнын тейлөөсүндөгү уюмдардын статистикалык отчеттору толук кабыл алынып, тиркелген.

- Ар бир өткөрүлгөн Президиум, Пленумдардын токтомдору анын мүчөлөрүнө берилет, ал эми калгандарына өздөрүнө тиешелүү маселелер боюнча токтомдор, маалыматтар таркатылып берилет.

- ОПК тарабынан 2012-жылдын октябрь, ноябрь айларында профактивистерди окутуу максатында райшаарларда өз жерлеринде профкомдорду, мектеп жетекчилерин айыл округтардын эсепчилери, райондук каржы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, райБББнын башчылары катышкан окуу-семинарлар өткөрүлдү. Бул иш-чарага Алайда-71, Араванда-72, Кара-Кулжада-53, Кара-Сууда 135, Ноокатта-73, Өзгөн району жана Өзгөн шаары менен биргеликте өткөрүлүп 138, жалпы область боюнча 542 активистер катышып, иш пландагы темалардын тегерегинде жана андан сырткары да көйгөйлүү суроолорун беришип, ынанаарлык жоопторду алышты. (Окуу-семинардын иш планы тиркелет).

- Мектептерде кабинеттердин жетишсиздигине байланыштуу райшаарлардын баштапкы профсоюз комитеттеринин болгону 133 гана кабинет менен камсыздалган, көпчүлүгү мектептин метод кабинеттеринде жайгашкан, кээ бирлери организаторлор менен бир каанада жайгашкан.

- Арыздар, кайрылуулар, каттарды, каттоо журналы, ооз эки даттаннуулар боюнча да каттоо журналы уюштурулган, жазуу жана ооз эки түрүндө жооптор, консултациялар кеъештер берилип турат.

- Тармактык профсоюздун Уставы менен уюмдар толук камсыздалган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен 2012-жылы Кара-суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондору толук камсыздалып бүттү. Ал эми билим берүү тармагына тиешелүү нормативдик укуктук актылар менен камсыздоо да жүргүзүлүп турат.

- Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча 2013-жылкы иш планда толугу менен көрсөтүлгөн белгилүү бир иш-чараларды аткаруу эрежелештирилген.

- Ал эми укуктуулукту жана эмгекти коргоо боюнча кызматкерди кабыл алуу боюнча, штаттык бирдикке киргизилип, I кварталдын Президиумунда бекитүү каралууда.

 

 

 

 

Бекитемин: областтык профсоюз комитетинин төрагасы:                                                  С. Тойгонбаев

 

Ош ОПКнын райшаарлардын профсоюз активисттерин, мектеп

администрацияларын жана айыл округтардын эсепчилерин катыштырып нормативдик укуктук актылардын негизинде профсоюздук окуу-семинарларды өткөрүүнүн

иш-планы.

 

Окуу семинардын темасы

күнү

убактысы

Жооптуу кызматкерлер

Эскертүү

1

Кызматкерлерди нормативдик укуктук актылардын өлчөмүнө ылайык жумушка кабыл алуу, эмгек тартиби жана жумуштан четтетүү жөнүндө.

09.10.2012-ж.

10:00

ОПКнын бөлүм башчысы Аттокуров М. РайБББнын кадр бөлүмү.

 

2

Убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт боюнча баракчаларга жана расымдык сөөк коюу боюнча жөлөк пулдарды төлөө жөнүндө.

09.10.2012-ж.

11:00

ОПКнын бөлүм башчысы Аттокуров М. РПКнын төрагасы

 

3

КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген нускамага ылайык кызматкерлердин эмгек акыларын төлөө жөнүндө.

09.10.2012-ж.

12:00

ОПКнын башкы эсепчиси Абдыкалыков Б, РПКнын төрагасы

 

4

Пенсия курамындагы кызматкерлердин пенсияга чыгууда керектүү кагаздарын даярдоого багыттама берүү.

09.10.2012-ж.

13:00

ОПКнын бөлүм башчысы Аттокуров М. РПКнын төрагасы

 

5

Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо жөнүндө.

09.10.2012-ж

13:30

ОПКнын бөлүм башчысы Аттокуров М. РПКнын төрагасы

 

6

Окуу-семинардын бүтүшү.

 

14:30

 

 

 

Даярдагандар:

 

 

М. Аттокуров, Б. Абдыкалыков РПКнын төрагасы.