Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Ооган согушунун аяктаганына 35 жыл

2024-жылдын 14-февралында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратынын чоӊ жыйындар залында Ооган согушунун аяктаганынын 35 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Жоокерлер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун залга алып кирип, гимн аткарылган соң, ооган согушунда курман болгондорду эскерүү мүнөтү жарыяланды.

Андан кийин КУУ ректору Төлөбек Абдрахманов сөз сүйлөп, согушка катышып, эрдик көрсөткөн ага-аталарга, согуш ардагерлерине ыраазычылык билдирди. Биз ар дайым сиздердин эрдикти баалайбыз. Урматтуу жаштар! Мындан ары дайыма тынччылык болсун, аталар көргөн катаал күндү силер көрбөгүлө, силер күч-кубатыӊарды, эрдигиңерди илим-билимге жумшагыла, эмгегиӊер менен эрдик кылгыла”, – деди.

Ооган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Кадыр Уметов өзүнүн жана ардагерлер кеӊешинин атынан иш-чараны өткөрүп жаткан университеттин жамаатына ыраазычылык билдирип, ардагерлердин учурдагы абалы жана өзү жетектеген кеӊештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Андан соӊ кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Жумабеков Кубанычбек сөз сүйлөп, Улуттук университетте эмгектенип жаткан Ооган согушунун алты ардагерине сыйлык тапшырылды.

Кесиптик бирлик комитети менен кадрларды кайрадан даярдоо жана квалификациясын жогоруулатуу институту биргеликте уюштурган иш чаранын кийинки бөлүгү студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен уланып, патриоттук ырлар аткарылып, ардагерлерге жагымдуу манай тартууланды.

 

Маалыматты даярдаган: Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик бирлик комитети