Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков окуу жайда эмгектенген ооган согушунун ардагерлерин кабыл алды. Ректор Ооганчыларды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, алардын эрдиктерине токтолуп, ыраазычылык сөзүн айтты.

Ал эми КӨЭАУ кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев кайратмандыгы, эрдиги менен өз милдеттерин так аткарып келген ооганчыларыбыздын эмгеги жаштарга дайыма үлгү болорун айтып, чың ден соолук жана бакубатчылык каалап, жалпы жамааттын атынан акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ал эми ардагер агайлар жыл сайын ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келе жаткан ректоратка жана профсоюз уюмуна ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: КӨЭАУ кесиптик бирлик комитети