Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Областтык комитетте Президиум өткөрүлдү

2023-жылдын 18-октябрында Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин кезексиз Президиумунун отуруму өткөрүлдү.

Отурумдун күн тартибинде:

- КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы №416 токтомуна ылайык мугалимдердин эмгек акыларын туура эсептелиниши;

- убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык сөөк коюу жөнүндөгү жөлөк пулдардын төлөнүшү;

- кызматкерлердин зыяндуу жумуш орундарын аттестациялоо жана ага кошумча төлөмдөрдүн төлөнүшү, атайын кийим-кечектер, буюм-тайымдар менен камсыздалышы жөнүндөгү маселелер каралды.

Жогорудагы маселелер боюнча сунуштар, пикирлер айтылып, райшаарлардагы борборлоштурулган бухгалтериялардын эсепчилерин, экономисттерин катыштырып областтык масштабда эмгек акыларды, эмгек  өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды туура эсептөө, билимин өркүндөтүүгө жиберилген мугалимдердин сапар чыгымдарын төлөө жөнүндө окуу семинар уюштуруп өткөрүү пландаштырылды.

Кызматкерлерди атайын кийим-кечектер, буюм-тайымдар, сүт азыктары менен камсыздоону жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржы бөлдүрүп, айыл аймактын башчылары жана айылдык кеңештин төрагалары менен макулдашып, камсыздоо милдеттери РПК, ШПКнын төрага, төрайымдарына табышталды.

Отурумда КРнын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош облустук профсоюздар Кеңешинин Ардак грамотасы менен Өзгөн ШПКнын төраймы  З.Н.Азнабакиева сыйланды.

Мындан сырткары ОПКнын уюштуруу башчысы М.Аттокуровдун 70 жылдык жана ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаровдун 50 жылдык юбилейлерине карата куттуктоо китепчелер тапшырылды. 

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ош областтык комитети