Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Отчеттук кайра шайлоо конференциясы

2023-жылдын 14-июнунда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин V отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев, окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев баштаган профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер катышышты.

Алгач аталган окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев 2018-2023-жылдардагы аткарган иштери боюнча жамаатка кенен маалымат берди. Буга улай эле окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин текшерүү комиссиясынын маалыматы да угулду. Конференциянын катышуучулары жарыш сөзгө чыгып, сунуш-пикирлерин айтышты.

Андан соң күн тартибине ылайык окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо болду. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп бир добуштан Эгембердиев Шералы Маннабович кайрадан шайланды.

Конференциянын соңунда университеттин алдыңкы кызматкерлери Кыргыз Республикасынын «Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгиси, Борбордук комитеттин Ардак грамоталары жана областтык комитеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: КӨЭАУнун кесиптик бирлик комитети