Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

«Мекенди коргоо» күнүнө волейбол боюнча мелдеш

Кыргыз Респупликасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык  өнүгүүсү жана дене тарбиясы  жөнүндө»  №1 Жарлыгынын алкагында, 23-февраль –«Мекенди коргоо күнүнө»  карата мугалимдердин ден соолугун чыңдоо, спортту даңазалоо, билим берүү кызматкерлеринин ортосундагы  ынтымактуулукту, достукту бекемдөө максатында, 2024-жылдын 17-февралында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин Кара-Суу райондук комитети Кара-Суу шаарындагы  Бабур атындагы №67 орто мектебинин базасында Жоош, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Нариман, Папан айыл өкмөттөрүнүн  жана Кара-Суу шаарындагы мектептердин курама командаларынын катышуусунда волейбол боюнча мелдеш  өткөрдү.

Мелдештин жыйынтыгында райондук кесиптик бирлигинин комитети тарабынан төмөнкүдөй сыйлыктар берилди:

I орунду ээлеген Папан айыл өкмөтүнүн мектептеринин курама командасы - 1 даражадагы диплом, 6000 сом;

II орунду ээлеген Жоош айыл өкмөтүнүн мектептеринин курама командасы - 2- даражадагы диплом, 4000 сом;

III орунду ээлеген Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн мектептеринин курама командасы - 3-даражадагы диплом, 2000 сом.

Андан сырткары «Эң мыкты оюнчу» диплому М.Заиров атындагы орто мектептин дене тарбия мугалими Пакыров Кадырга, «Эң жаш оюнчу» диплому Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул атындагы орто мектептин дене тарбия мугалими Тажибай уулу Сүйүнгө ыйгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети