Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Кышкы эс алуу

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Д. Султанбаевдин – кызматкерлердин эс алуусун уюштуруу боюнча берилген сунуштарына ылайык, Каракол шаардык кесиптик бирлик комитети кызматкерлерине колдоо көрсөтүү иретинде беш күндүк эс алууларды уюштурууну колго алды. Жалпыга маалым болгондой, жолдомо берүүгө мораторий жарыяланганы, ар түрдүү талкууларды жаратты. Каракол шаардык комитеттин өздүк бюджетинин эсебинен “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийи менен  2024-жылдын 31-мартына чейин келишим түзүлүп, мугалимдердин биринчи тобу беш күндүк эс алууга барып келишти.

Ал эми экинчи топ азыркы учурда  эс алууда. Мындай эс алуулар билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин ден соолугуна жана иш жөндөмүнө оң таасирин тийгизди.

Билим берүү кызматкерлеринин кайрылууларын эске алып, “Жыргалаң” санаториясында эс алдыруу иштери уланып жатат. Алар кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Каракол шаардык комитети