Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Кезектеги президиум өткөрүлдү

2024-жылдын 19-февралында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү. Президиумда райком профсоюздун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле 2024-жылдагы иш пландарын кабыл алынып, 2024-жылдагы аткарыла турган иш мерчемдери бекитилди.

 Мындан тышкары, райкомдун президиумунда 2024-жылдын сметасы талкууланып, президиумдагы айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен, 2024-жылдын сметасы бекитилди.