Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Кезексиз уюштуруу пленуму болуп өттү

2023-жылдын 19-майында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй областынын Кемин райондук комитетинде төрайым Чылабаева Айсалкын Талиповна ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызмат ордунан кеткендигине байланыштуу кезексиз уюштуруу пленуму болуп өттү.

Уюштуруу пленумуна Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнун башчысы Э.Кулназарова, финансылык бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бедельбаева, кесиптик бирликтин Кемин райондук комитетинин мүчөлөрү жана билим берүү мекемелеринин директорлору жалпы 43 кызматкер катышышты.

Уюштуруу Пленумунун иштөө тартиби жана эрежелери  бекитилип төмөнкү күн тартиби сунуш кылынды.

1. Уюштуруу маселелери:

1.1. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин курамынан чыгаруу жөнүндө.

1.2. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.

1.3.Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин президиумунун курамынан чыгаруу жөнүндө.

1.4.Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин президиумунун мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө.

3. Ар кандай маселелер

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй областынын Кемин райондук комитетинде төрайымы Чылабаева Айсалкын Талиповна ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызмат ордунан кеткендигине байланыштуу Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин жана президиумунун курамынан чыгарылды.

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары алмашып кеткендигине байланыштуу кошумча  КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына ылайык кошумча 9 адамды пленум мүчөлүгүнө киргизүү сунушталып, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин мүчөлүгүнө  9 адам киргизилди.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын 40, 41-пунктарына ылайык, уюштуруу пленуму кесиптик бирлик комитетинин төрагасын шайлоого өтүп, кесиптик бирликтин Кемин райондук комитетинин төрагалыгына 2 талапкер:

1. Исхаков Аскарбек Исхакович – Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2. Асанкулова Дилбара Насирдиновна – Кемин райБББнун методисти көрсөтүлүп, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына ылайык 26 пленум мүчөсүнүн жабык шайлоосу менен көпчүлүк добушка ээ болуп, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин төрагасы болуп Исхаков Аскарбек Исхакович шайланды.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин мүчөлөрү жана чакырылган билим берүү мекемелеринин директорлору Аскарбек Исхаковго билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлеринин социалдык, экономикалык, укуктук таламдарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо иштерине ийгиликтерди жана иштерди ачык алып баруу боюнча каалоолорду айтышты.

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин борбордук комитети