Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин президиуму болуп өттү

2023-жылдын 28-июлунда КР Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиуму болуп өттү. Президиумга Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин  президиум мүчөлөрү, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас областынын райондук жана шаардык комитеттеринин төрагалары жана кесиптик бирликтин Борбордук комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

Президиумдун жыйынын кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Президиумдун күн тартибинде 4 маселе каралды:

1.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас областынын райондук, шаардык комитеттеринде Кесиптик бирликтин Уставдык талаптарына ылайык уюштуруу иштеринин абалы жөнүндө.

2.Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин областтык, райондук  жана шаардык комитеттеринин кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусун  уюштуруу боюнча даярдыктарынын абалы жөнүндө.

3. Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы  шайланган төрагаларын бекитүү жөнүндө.

4. КР Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Күн тартибиндеги биринчи “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас областынын райондук, шаардык комитеттеринде Кесиптик бирликтин Уставдык талаптарына ылайык уюштуруу иштеринин абалы жөнүндө” маселе боюнча кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова Талас областынын Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин райондук жана шаардык комитеттеринин жүргүзүп жаткан иштерине кеңири токтолуп маалымат берди жана  токтом бир добуштан кабыл алынды.

Күн тартибиндеги экинчи “Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин областтык, райондук  жана шаардык комитеттеринин кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусун  уюштуруу боюнча даярдыктарынын абалы жөнүндө” маселе боюнча кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова 2023-жылга карата Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусун  уюштуруу боюнча жүргүзүп жаткан жалпы иш аракеттерине токтолуп өттү.

Билим жана илим кызматкерлеринин ден-соолугун чындоо жана эс алуусун уюштуруу боюнча иштер кесиптик бирликтин ар бир областтык, райондук жана шаардык комитеттеринде уюшулуп, канча кесиптик бирликтин мүчөсүн кайсы жактарга эс алдыруулары пландаштырылып жатканы белгиленип, токтом бир добуштан кабыл алынды.

Күн тартибиндеги үчүнчү  “Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы  шайланган төрагаларын  бекитүү жөнүндө” маселе боюнча Баткен областындагы билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы кылып Бердиев Авазбек Турабаевичти шайлоо жөнүндөгү 2023-жылдын  06-июнундагы №5 токтому, Ош областындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин V-отчеттук кайра шайлоо конференциясынын кесиптик бирликтин төрагасы кылып Эгамбердиев Шерали Маннабовичти шайлоо жөнүндөгү 2023-жылдын 14-июнундагы №4 токтому, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик технологиялык  университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин отчеттук кайра-шайлоо конференциясынын 2023-жылдын 20-июнундагы  №1 протоколундагы  “И.Раззаков атындагы КМТУнин билим жана илим кызматкерлеринин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрайымы кылып Абылаева Ажар Аманкалыевнаны шайлоо жөнүндөгү” №5 токтому жана Ош областындагы билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чоң-Алай райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чоң-Алай райондук комитетинин төрагасы кылып Ташмаматов Кубанычбек Парпиевичти шайлоо жөнүндөгү 2023-жылдын  30-июнундагы №4 токтому бекитилди.

Күн тартибиндеги төртүнчү ”КР Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” маселе боюнча кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов президиум мүчөлөрү менен сүйлөшүп КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планына ылайык кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин пленумунунун “Эмгек мыйзамдарынын аткарылышынын алкагында билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга коомдук көзөмөлдү жүргүзүү боюнча Ош областтык, райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин иш тажрыйбасы жөнүндө” темасы “Эмгек мыйзамдарынын аткарылышынын алкагында билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга коомдук көзөмөлдү жүргүзүү боюнча областтык, райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин аткарган иштери жөнүндө” деп өзгөртүлүп, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин пленумун жыл жыйынтыктоочу президиуму менен бирге 2023-жылдын декабрь айынын экинчи жарымында Бишкек шаарында өткөрүүнү сунушташты.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан түзүлгөн иш-план, программаларына ылайык Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл областтарынын райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин аткарып жаткан иштери менен таанышып, практикалык жардамдарды көрсөтүү менен ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү менен жолугушуулар уюштурулат.

Президиумдун жыйынында күн тартибинде каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтомдор айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети