Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Кесиптик бирлик мүчөлөрү үчүн окуу семинары

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруусу менен, 2022-жылдын сентябрь айында билим берүү профсоюзунун Европа комитетинин (ЕКПО) жана Швед мугалимдеринин бирикмеси менен биргеликте райондук баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жана алардын мүчөлөрүнүн укуктук сабаттуулугун өстүрүү, эмгек мыйзамдарын билүүгө, кесиптик бирликтин иштерин жакшыртууга жана өз мүчөлөрүнүн  санын көбөйтүүгө карата кружокторду түзүү боюнча кесиптик бирликтин төрагаларынын  бир жумалык окутуу-семинары болуп өткөн.

Баштапкы кесиптик бирлик кружокторунун максаттарын ишке ашыруу үчүн Нарын областынын  Кочкор райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан 2022-жылдын 4-октябрында  Калыгул Бай уулу атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде окутуу кружогу уюштурулган.

Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Ш.Бердибекова кесиптик бирлик мүчөлөрү үчүн окуу семинарын өткөрдү. Анда эмгек мыйзамдарын билүү, кесиптик бирликтин иштерин жакшыртуу жана кесиптик бирликке  мүчөлөрдү тартуу боюнча ой-пикир бөлүшүп, тажрыйба алмашышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кочкор райондук комитети