Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Кайра шайлоо жыйыны

2023-жылдын 28-августунда Таш-Көмүр шаарындагы Кенжеалы Осмонбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебининде Ирсалиева Алима Коконовнанын баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы болуп иштегине 5 жыл болгондугуна байланыштуу кайра шайлоо жыйыны болуп өттү.

Жыйынга шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Утурбаева Мариякан Төлөгөновна жана президиумдун мүчөлөрү Үсөнова Бактыгул Мукашевна жана Мейманов Тойчубек барып катышышты. Жалпы жыйынга кесиптик бирликтин 71 мүчөсү катышты.

Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы беш жылда аткарылган иштери тууралуу отчет берип, суроолорго ынанымдуу жооптор берилип, акырында канаттандыраарлык деген баа берилип кайрадан Ирсалиева Алима Коконовна кийинки беш жылга бир добуштан шайланды. Ар дайым кесиптештердин укугун коргоп, аларга кам көрүп бар болуңуздар!

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитети